JICA Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого даяр
29 январь

JICA Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого даяр

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев бүгүн, 29-январда Япониянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми менен жолугушту. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты. 

Министр Сыргабаев JICAнын жардамы менен өлкөбүздүн жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртууга багытталган 30дан ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырылганын билдирип, төмөндөгүлөргө токтолду.

“Жол жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу, жол коопсуздугун жогорулатуу жана акылдуу транспорттук системаларды киргизүү багытында Япониянын эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) менен кызматташууну улантууну зарыл жана пайдалуу деп эсептейбиз”, – деди министр.

Өз кезегинде Йошикава Йошифуми тараптардын кызматташтыгы мындан ары да тереңдей турганын айтып, Кыргызстандагы инфраструктуралык долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.