
“Кепилдик фонд” ААКсы аркылуу өлкөнүн ишкерлери дээрлик 9 млрд. сомго кредиттерди алышты
Үстүбүздөгү жылы «Кепилдик фонд» ААКсы өзүнүн ишмердүүлүгүнүн бардык мезгилинде өлкөнүн бизнесине эң жогорку өлчөмдө кредиттик каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды.
Бул көрсөткүч тогуз миллиард сомго жакындап, 20-декабрга карата 8 миллиард 923 миллион сомду түздү. Өткөн жылы ишкерлерге берилген кредитердин көлөмү 8 миллиард 26 миллион сомду түзүп, 2024-жылдын аягындагы эң жогорку көрсөткүч болгон.
2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин кепилдик колдоосу менен бизнести өнүктүрүүгө берилген кредиттердин жалпы көлөмү 35 миллиард сомго жакындады.