Кыргызстан ШКУнун фитосанитардык кеңешмесинде: экспорттук мүмкүнчүлүктөр жана кызматташтык
Кытай Эл Республикасынын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин фитосанитардык (өсүмдүктөрдүн карантини) кызматтарынын жетекчилеринин экинчи кеңешмеси болуп өттү.
Кеңешмеге ШКУга мүчө өлкөлөрдүн тиешелүү органдарынын өкүлдөрү катышты. Кыргыз Республикасынын атынан иш-чарага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин өкүлдөрү катышышты.
Кеңешменин алкагында төмөнкү негизги маселелер каралды:
- айыл чарба продукциясын эл аралык рынокторго жеткирүүнү жеңилдетүү максатында фитосанитардык процедураларды шайкештештирүү жана тажрыйба алмашуу;
- карантиндик зыянкечтерге каршы биргелешип күрөшүү;
- фитосанитардык абалга мониторинг жүргүзүү жана көзөмөл механизмдерин өнүктүрүү;
- фитосанитардык сертификаттар боюнча электрондук алмашуу системасын киргизүү;
- фитосанитардык көзөмөлдө заманбап интеллектуалдык технологияларды колдонуу.
Иш-чаранын жыйынтыгында эки тараптуу жолугушуулардын Протоколу жана ШКУга мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча органдарынын жетекчилеринин Биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын катышуусу өзгөчө мааниге ээ болуп, өлкөнүн айыл чарба продукциясын, айрыкча жемиш жана жашылча-жемиштерин Кытай, Индия, Пакистан, Иран жана башка ШКУга мүчө мамлекеттердин рынокторуна чыгарууга жол ачат. Мындай жолугушуулар фитосанитардык талаптарды шайкештештирүүгө, экспорттук процедураларды жөнөкөйлөтүүгө жана кыргыз экспортчуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга көмөктөшөт.
