Жыл башынан бери «Кепилдик фонду» берген кепилдиктердин үчтөн бири аял ишкерлердин үлүшүнө туура келди
www
20 апрель

Жыл башынан бери «Кепилдик фонду» берген кепилдиктердин үчтөн бири аял ишкерлердин үлүшүнө туура келди

«Кепилдик фонд» ААКсы Кыргызстанда аялдар ишкердигин колдоону ырааттуу улантып, өз бизнесин өнүктүрүп жаткан аялдар үчүн каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүүдө.

2026-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча аял ишкерлерге берилген кепилдиктердин үлүшү жалпы кепилдиктердин 32%ын түздү - башкача айтканда, дээрлик ар бир үчүнчү кепилдик аялдар бизнесин өнүктүрүүгө багытталды.

Бул мезгил ичинде «Кепилдик фонд» ААКсы 297 млн сомдон ашык суммага 123 кепилдик берди. Натыйжада, дээрлик 1 млрд 242 млн сом көлөмүндө кредиттик каражаттарды тартууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул каражаттар экономиканын ар түрдүү тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууга - айыл чарбасынан тартып соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүнө чейин багытталды.

Жалпысынан фонд ишмердүүлүк жүргүзгөн мезгил аралыгында аял ишкерлерге 5 млрд 134 млн сомдон ашык суммага 7 802 кепилдик берилди. Мунун аркасында 15 млрд 339 млн сомдон ашык көлөмдө кредиттик каражаттар тартылып, өлкөдө аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө олуттуу салым кошулду.

Бүгүнкү күндө кепилдик колдоосун алган аялдар Кыргызстандын бардык аймактарында бизнес-долбоорлорун ийгиликтүү ишке ашырып, экономикалык активдүүлүктүн туруктуу өсүшүн жана диверсификациясын көрсөтүп келишет.