Адылбек Касымалиев: Кыргызстандын айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттоло баштады
21 февраль

Адылбек Касымалиев: Кыргызстандын айыл чарба өнүмдөрү дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттоло баштады

Адылбек Касымалиев «Агродиалог» форумунун төртүнчү күнүндөгү жыйынтыктоочу иш-чарасына катышып, өлкөнүн айыл чарбасындагы  жетишкендиктер жана алдыдагы пландар тууралуу баяндады.

Анын айтымында, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын көлөмү 459,7 миллиард сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 62,9 миллиард сомго көбөйдү. Өсүү темпи 102,2 пайызды түздү. Ошондой эле кайра иштетүү өнөр жайында 104,7 миллиард сомдук продукция өндүрүлүп, бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 16,2 миллиард сомго көп болуп, өсүү темпи 130,1 пайызга жетти.

Айыл чарба продукциясын экспорттоо багытында да олуттуу натыйжаларга жетишилди. Бүгүнкү күндө 60тан ашуун түрдөгү айыл чарба продукциясы дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө экспорттолууда. Ошондой эле өлкө калкы социалдык мааниге ээ болгон 9 негизги азык-түлүк түрүнүн 6сы менен камсыздалууда.

Өкмөт жакынкы жылдары үрөнчүлүк, асыл тукум мал чарбачылыгы жана көчөт өстүрүү тармагындагы материалдык-техникалык базаны чыңдоого өзгөчө көңүл бурат. Бул багытта жеңилдетилген насыя каражаттарын натыйжалуу пайдалануу маанилүү болуп саналат.

Мындан тышкары, өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүү көлөмүн 25 пайызга, ал эми 2040-жылга чейин 50 пайызга жеткирүүнү пландоодо. Учурда бул көрсөткүч 7 пайызды түзөт.

Бул максатка жетүү үчүн 2030-жылга чейин 385 жаңы кайра иштетүүчү ишкананы ишке киргизүү, анын ичинде 2026-жылы 75 ишкананы ачуу пландалууда. Ошондой эле агрокластерлерди өнүктүрүү жана кошумча нарк түзүүчү чынжырларды калыптандыруу иштери жүргүзүлөт.

Форумдун жүрүшүндө Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кызматкерлерин сыйлоо аземи да өттү.

Өлкөнүн 2030-жылга чейинки өнүгүү программасына ылайык, агрардык секторду реформалоо азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого жана ири өндүрүш субъектилерин түзүүгө багытталган. Анын алкагында:

• айыл чарба продукциясынын көлөмүн 30 пайызга көбөйтүү;
• кайра иштетүүнүн көлөмүн эки эсеге жогорулатуу;
• сугат суусунун жоготууларын 15 пайызга чейин азайтуу;
• сугат аянттарын 15 миң гектарга кеңейтүү;
• 93 миң гектардан ашуун айдоо жерди суу менен камсыздоону  жакшыртуу пландалууда. 

Ошондой эле айыл чарбасында жасалма интеллект, дрондор жана так дыйканчылык технологиялары киргизилет. Сугат системаларын жаңылоо алкагында 5 миң чакырым канал реконструкцияланып, сууну автоматташтырылган бөлүштүрүү системалары киргизилет.

Мындан сырткары, органикалык дыйканчылык жана адал-индустриясын өнүктүрүү аркылуу экспорттук рыноктордо атаандаштыкка жөндөмдүүлүк жогорулатылат. 

Агрокластерлерди жана соода-логистикалык борборлорду өнүктүрүү менен өндүрүүчүлөрдүн бирдиктүү өндүрүш чынжыры түзүлөт.

Адылбек Касымалиев айыл чарбасын илимдин негизинде өнүктүрүүгө жана тармакта дыйкан-фермерлерге үзгүлтүксүз билим берүүнү күчөтүүгө өзгөчө маани берилерин белгиледи.