Жыл башынан бери 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилип, дагы 13ү жакында ачылат
16 июль

Жыл башынан бери 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилип, дагы 13ү жакында ачылат

2025-жылдын июль айына карата өлкөдө 10 жаңы кайра иштетүүчү ишкана ишке берилди, дагы 13 объектини августтун аягына чейин ишке киргизүү пландалууда. Жалпысынан жыл аягына чейин 63 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу каралып, жалпысынан 38 миллиард сомдон ашык инвестиция тартуу жана 4 миңден ашык жаңы жумушчу орун түзүү пландалууда.

Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгындагы Өнөр жайды кайра иштетүү жана органикалык айыл чарба департаментинин ишмердүүлүгү боюнча отчетунда укту.

Министр долбоорлорду пландаштыруу жана ишке ашыруунун сапатын жогорулатууга, региондордун өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен чийки зат базасын өнүктүрүүгө, ошондой эле аткаруучулук тартипти күчөтүүгө багытталган бир катар тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, региондордун инвестициялык потенциалы боюнча аналитикалык сереп даярдоо жана өнөктөштөрдү, инвесторлорду тартуу менен жогорку деңгээлде инвестициялык форум өткөрүү тапшырмасы берилди.