Базар-Коргондо күнүнө 50 миң даана кыш чыгаруучу завод курулууда 
12 сентябрь

Базар-Коргондо күнүнө 50 миң даана кыш чыгаруучу завод курулууда 

Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагында жаңы кыш заводунун курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Облус башчысы Тилек Текебаев ишкананын курулуш иштери менен жеринде таанышкан.

Жеке ишкер тарабынан курулуп жаткан “Ассоо Медина” кыш заводун 2025-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалган. Мында 40 адам жумуш орду менен камсыздалып, күнүнө 50 миң даана кыш чыгаруу кубаттуулугуна ээ болот.