Жети-Өгүздө өрүктөр бышып, Россия жана Казакстанга экспорттоло баштады
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда өрүктөн эрте бышкан сортторун терүү башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары министрлигинен кабарлашты.
Жаңы бышкан өрүктөр көбүн эсе Россия жана Казакстанга экспорттолуп, ал үчүн алармандар жүк ташуучу унаалары менен келип, жергиликтүүлөрдүн түшүмүн ыңгайлуу баада сатып алышууда.
Жергиликтүү тургундар жаңы бышкан өрүктүн баасы 30 сомдон 45 сомго чейин сатылып жаткандыгын билдиришет. Бул райондун тургундары үчүн ыңгайлуу баа дешет алар. Себеби, өткөн жылдары өрүктүн баасы кайсыл бир учурларда 20 сомго чейин дагы чыкпай калчу.
Ак-Терек айылынын тургунунун айтымында быйыл түшүм мол жана алармандар жетиштүү.
Ал кошумчалагандай, жакын арада өрүктүн бал даммдуу “Королев” сорту да быша келет.
