Өлкөдө азык-түлүк өндүрүшү жана коомдук тамактануу жайлары текшерилүүдө: алты айда 136 айып салынган
27 февраль

Өлкөдө азык-түлүк өндүрүшү жана коомдук тамактануу жайлары текшерилүүдө: алты айда 136 айып салынган

Кыргызстанда ишкерчиликти текшерүүгө мораторий жокко чыгарылды. Мурда бизнести керектөөчүнүн арызынын негизинде гана текшерүүгө алышса, азыр ал өзгөрдү. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун санитадык дарыгеи Үмүт Сатыбалдиеванын айтымында, азык-түлүк өндүрүшүн жана тамактануу жайларды текшерүүгө коюлган мораторий өткөн жылдын июль айында алынган, ошондо 8 айдан бери бул багыттагы ишкерчилик туруктуу текшерүүдөн өткөрүлүүдө. 

«Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 2024-жылдын июль айында азык-түлүк өндүрүү жана тез тамактануу жайларын иштетүү жаатындагы бизнеске мораторий жокко чыгарылган. Анткени, азык-түлүк коопсуздугуна керектөөчүлөр тарабынан кайрылуулар, арыздар көп түшкөн. Ошондуктан, биз өткөн жылдын июль айынан тартып бул жааттагы бизнеске текшерүүлөрдү жүргүзүп келебиз. Анын негизинде, өткөн жылдын алты айында13 миллион сомго 136 айып салынды. Бул деген азык-түлүк чыгаруучу өндүрүштө, тез тамактануу жайларында жоопкерчиликсиздик көбөйүп кеткенин билдирет. Ишкерлердин баары эле чыгарган продукциясынын коопсуздугун ойлой беришпейт. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында, 29 тамактануу жайлары жабылды. 100гө жакын объектиге эреже бузууларды калыбына келтирүү боюнча санитардык көрсөтмө берилди. Бул жылы да мындай көрүнүштөрдөн четте калбадык: эки айда 50 объектиге жалпы 2,5 миллион сомдук айып салынды», – деди Сатыбалдиева. 

Айтымында, тобокелчилик деңгээли деген категория бар, андагы тизмеге илинип калган бизнес жылына эки жолу текшерилет. Ал эми санитардык талаптарды карманып, азык-түлүк коопсуздук эрежелерин сактаган бизнеске жылына бир жолу текшерүү жүргүзүлөт. Мындан улам санитардык дарыгер азык-түлүк жаатында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ишкерлерге кайрылды: 

«Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып суранат элем, элдин саламаттыгынын коопсуздугун ойлоңуздар. Керектөөчүлөрдөн азык-түлүктөрдүн сапатына карата кайрылуулар, арыздар, даттануулар көп түшүп жатат. Мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатыкка чыгаруу, азыктарды даярдоо технологиясын сактабоо, дагы башка санитардык талаптарды аткарбоо ал азыкты колдонгон адамдын ден соолугуна зыянын тийгизет». 

Дарыгер белгилегендей, тобокелчилик деңгээлине тийиштүү шарттар каралбаган жайларда тамак даярдаган же азык-түлүк чыгарган, тазалык сакталбаган, кызматкерлери тийиштүү медициналык текшерүүдөн өтпөгөн (медициналык китепчеси жок) ж.б. көрүнүштөр катталган субъекттер кирет. Дарыгердин айтымында, мындай бизнес адамдын ден соолугуна түз коркунуч келтирүүчү деп эсептелинет.