Эл өкүлдөрү бир катар каржылык макулдашууларды колдоп берди
Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “2026-жылдын 16-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дуйшеев белгилегендей, ратификациялана турган макулдашууга ылайык Ош облусунун Кара-Суу (26 айыл) жана Өзгөн (6 айыл) райондорундагы 178 миңден ашуун айыл тургунун борборлоштурулган, таза суу менен камсыз кылуу максаты коюлган. Тагыраагы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 60 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө.
Талкуу маалында депутат Гүлай Машрапова долбоорго киргизилген айылдар кандай критерийлер менен тандалганын сурап, Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айыл аймагындагы айрым айылдарда таза суу маселеси курч экенин жүйө келтирди.
Ал эми депутат Таалайбек Сарыбашов таза суу маселесине өзгөчө көңүл буруу керектигин айтып, кээ бир башталган долбоорлор аягына чыкпай жатканын сынга алды. Буга Гүлчө шаарына караштуу Будалык айыл өкмөтүндөгү жагдайды мисал кылды.
Депутат Жылдыз Эгенбердиева Өзгөндөгү 6 айыл кайсы критерийлер менен тандалганын тактап, аталган районго тиешелүү Кароол айылында 60 жыл мурун курулган суу түтүктөрү эскиргенин жана жаңылоого муктаж экенин кошумчалады.
Ошондой эле депутат Нуржамал Торобекова долбоор аяктагандан кийин тейлөө чыгымдары жана тариф маселелери кандай аныкталарына кызыкты.
Өз кезегинде Мирбек Дуйшеев долбоор бүткөрүлгөндөн кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилерин билдирди.
Депутат Уланбек Жаанбаев Ноокат шаарынын таза суу маселесине токтолуп, тиешелүү долбоордун биринчи фазасы быйыл ноябрдагы пландалган мөөнөттө бүткөрүлбөй кийинки жылдын апрелине жылып кеткенин сынга алды.
Андан тышкары, депутат Салтанат Аманова бул долбоорго Ош шаарындагы оорукананы куруу маселеси киргизилип, бирок аны Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу салуу чечими кабыл алынганын, андыктан ордуна Кең-Сай жаңы конушуна жана Алымбек Датка муниципалдык аймактык кеңешине оорукана куруу сунушун берди.
Депутат Болотбек Борбиев Токтогул шаарын таза суу менен камсыздоого багытталган долбоордун экинчи фазасын каржылоо качан башталарын сурап, саркынды сууларды тазалоочу курулманы да салуу зарыл экенин кошумчаласа, депутат Бекмурза Эргешов аталган долбоорго киргизилген айылдардын тизмесин тактап, айрым айылдардагы суу көйгөйүн мисал кылды.
Ошону менен катар депутат Нилуфар Алимжанова да Ноокат районундагы кээ бир айылдарда таза суу көйгөйү чечилбей келе жатканын белгиледи.
Мындан сырткары жыйында “2026-жылдын 29-майында Астана шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер тарабынан агроөнөр жай комплексинин тармактарында биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууда финансылык көмөк көрсөтүү бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору да биринчи окууда каралып, жактырылды.
Муну менен бирге депутаттар “2026-жылдын 10-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) ортосундагы “Адам ресурстарын өнүктүрүү боюнча стипендиялык программа” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, үч окууда колдоп берди.
