Токтогул ГЭСинде №3-гидроагрегаттын ротору ийгиликтүү түшүрүлдү
16 июль

Токтогул ГЭСинде №3-гидроагрегаттын ротору ийгиликтүү түшүрүлдү

2025-жылдын 15-июлунда Токтогул Гидроэлектрстанциясында (ГЭС) модернизациянын алкагында эң маанилүү жана техникалык жактан татаал этаптардын бири — №3-гидрогенератордун шахтасына роторду түшүрүү иши ийгиликтүү аткарылды.

Бул — өлкөнүн эң ири ГЭСин жаңылоого багытталган кеңири масштабдагы долбоордун алкагында реконструкцияланып жаткан төрт агрегаттын акыркысы.

768 тонналык ротор — бул агрегаттын эң оор жана эң ири бөлүгү болуп саналат. Ал эки көпүрөлүү кран аркылуу орнотулду, алардын ар биринин көтөрүмдүүлүгү 400 тоннаны түзөт. Мындай операция Токтогул ГЭСинде мындан 50 жыл мурда, совет мезгилинде станция курулуп жатканда гана бир жолу аткарылган. Бул жолу ошол тарыхый окуя замандын талабына жараша, заманбап технологиялар менен кайталанды.

Учурда акыркы  №3 гидроагрегатты жаңыртуу иштери активдүү фазада жүрүүдө. Анын алкагында төмөнкү иштер аткарылды:

  • Турбинанын монтажы — 72,3%
  • Генератордун монтажы — 75%
  • Ротордун чогултулушу — 100%
  • Статордун чогултулушу — 95%
  • Жардамчы электр бөлүгүнүн монтажы — 58%
  • Жардамчы механикалык бөлүгүнүн монтажы — 75%
  • Жалпы учурдагы агрегат боюнча 70,1 %

№3-гидроагрегаттын реконструкциясы 2025-жылдын ноябрында бүткөрүлүп, станциянын орнотулган кубаттуулугу кошумча 60 МВтка көбөйүп, жалпысы 1440 МВт болот. Төрт агрегатты жаңылоонун натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу 240 МВтка жогорулап, кошумча 24 000 кожолукка электр энергиясы берилет.

Долбоордун толук аякташы 2025-жылдын ноябрь айына пландалууда.