Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары менен өзүн-өзү камсыздай баштайт
16 июль

Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары менен өзүн-өзү камсыздай баштайт

Өлкө жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары менен өзүн-өзү камсыздоого ишенимдүү бел байлады, деп билдирет Суу ресурстары министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, ал үчүн 9 “Акылдуу күнөсканалар” курулуп бүтүп, пияз, корей калемпири жана бадыраңдын уругун сыноо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. 

Анын негизги максаты - жашылча өсүмдүктөрүнүн уругуна болгон импорттук көз карандылыкты азайтуу, жергиликтүү өндүрүштү чыңдоо, сапатын жогорулатуу аркылуу жашылча үрөндөр менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана селекциялоо инфраструктурасын өнүктүрүү.

Бул борбордо жүргүзүлүп жаткан иштер менен бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары -  суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жакындан таанышты. Борбордун расмий ачылышы 2025-жылдын сентябрына пландалууда.

Белгилей кетсек, жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктарын сыноо иштери Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жашылча өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борборунда жүрүп жатат. Анын жалпы наркы 3,485,000 АКШ долларына барабар.