Экономика жана инвестиция. Кыргыз-австриялык кызматташтыгы талкууланды
Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын алкагында Австриянын Федералдык канцлери Кристиан Штокер менен кыска жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Кыргыз-австриялык кызматташтыктын экономика, инвестиция, экология жана туризмди камтыган маселелери талкууланды.
Диалогду бекемдөөгө жана өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө өз ара кызыкдарлык белгиленди.
