Соода-өнөр жай палатасында Яньань шаарынын (Кытай Эл Республикасы) делегациясы менен жолугушуу өттү
Делегация боордоштук сапардын алкагында эки тараптуу кызматташууну чыңдоо максатында келди.
Кытай тарапка партиялык комитеттин катчысынын орун басары жана «Энергетика жана химиялык өнөр жай» компаниялар тобунун башкы директору Бай Цзяньсин жетекчилик кылды. Жолугушууда ал энергетика, айыл чарба жана көмүр өнөр жайы тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Кыргыз тараптан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев катышты. Ал эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Кыргызстанда логистика жана айыл чарба продукциясын экспорттоо багытында чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар ыраазычылык билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча диалогду улантууга макулдашты.
