"Кыргызкөмүр" 2025-жылы 400 миң тоннадан ашуун көмүр экспорттогон
25 декабрь

"Кыргызкөмүр" 2025-жылы 400 миң тоннадан ашуун көмүр экспорттогон

2025-жыл «Кыргызкөмүр» үчүн туруктуу өсүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоодогу ролун мындан ары чыңдоо жылы болду.

Жыл жыйынтыгы менен Кара-Кече кенинде жана башка участоктордо көмүр өндүрүү пландалган көрсөткүчтөрдөн ашыкча аткарылды. Жалпы көмүр казып алуу көлөмү 1 миллион 350 миң тоннага жетип, план 115 пайызга аткарылды. Ошондой эле кыртыш ачуу иштеринин көлөмү 120 пайыздан ашык камсыздалды.

Өндүрүштүн туруктуу ишмердүүлүгү негизги керектөөчүлөрдү, анын ичинде Бишкек ЖЭБин, ошондой эле өлкө калкын көмүр менен үзгүлтүксүз жана туруктуу камсыздоого өбөлгө болду. Күз-кыш мезгилинде көмүр жеткирүү белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, бардык керектүү даярдыктар өз убагында жана толук көрүлдү.

2025-жылы техникалык жактан күчтөндүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. 41 даана заманбап тоо-кен жана жардамчы техника сатып алынып, өндүрүштүк кубаттуулук кыйла жогорулатылды. Салыштыруу үчүн айта кетсек, 2024-жылы 27 даана техника алынган.

Маанилүү этаптардын бири катары Кара-Кече кенинде сорттоо комплекстери ишке киргизилди. Учурда бул комплекстер штаттык режимде иштеп, керектөөчүлөрдүн талаптарына ылайык көмүрдүн сапатын жогорулатууну камсыз кылууда.

Белгилей кетчү нерсе, акыркы жылдары көмүр өндүрүүгө жана геологиялык чалгындоого 20дан ашуун лицензия алынган. 2025-жылы Кожо-Келен, Бешбурхан, Сүлүктү талаа – 11, Маркай жана Торугарт-1 кендери ишке киргизилди. Учурда аталган кендерде даярдоо, кыртыш ачуу жана көмүр казып алуу иштери активдүү жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, 2025-жылы Бишкек шаарындагы административдик имаратта оңдоо-калыбына келтирүү иштери толугу менен аяктап, анда борбордук аппарат жайгаштырылды.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген ыйгарым укуктардын алкагында көмүр экспортунда регулятор катары «Кыргызкөмүр» иш алып барды. Автомобиль транспорту менен жүргүзүлгөн көмүр экспортун көзөмөлдөө камсыздалып, жыл жыйынтыгында «Кыргызкөмүр» 400 миң тоннадан ашык көмүр экспорттоду.