ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалууда
16 июль

ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдө баалардын жана тарифтердин өсүшү байкалууда

2025-жылдын июнунда өткөн айга салыштырмалуу ЕАЭБ дин бардык мүчө-өлкөлөрүндө  керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы катталды, Арменияны кошпогондо, 1,3 пайызга төмөндөө байкалган.

Улуттук статистика комитети билдиргендей, Кыргызстанда баанын өсүшү (0,7 пайызга) белгиленди, бул азык-түлүк товарлардын (1,0 пайызга) бааларынын өсүшү менен шартталган.

2025-жылдын июнунда 2024-жылдын декабрына салыштырмалуу экономиканын керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (7,0 пайыз) Казакстанда катталган, бул баанын азык-түлүк товарларга (7,6 пайызга), азык-түлүк эмес товарларга (4,5 пайызга), ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө тарифтердин (8,7 пайызга) жогорулашы менен шартталган.