Төрөбаев: өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар
20 ноябрь

Төрөбаев: өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар

Өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо иштери министрлер кабинети тарабынан тиешелүү иштерди активдүү жүргүзүү уланууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтуусунда, бүгүнкү күнгө карата республиканын бардык нефтебазаларында күйүүчү-майлоочу майдын туруктуу кору бар. 

"Министрлер кабинети өлкөнүн нефтетрейдерлери менен биргеликте ички күйүүчү-майлоочу май рыногун толтуруу максатында, Беларусь Республикасынын, Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана мунай иштетүүчү заводдорунун жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, анын натыйжасында Кыргызстанга мунай продуктулары жеткирилип жатат", – деди ал. 

Анын билдирүүсүнө караганда, өлкөнү күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо максатында аткарылып жаткан иштер тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан ар күнү көзөмөлдөнүп, абал турукташтырылып келет. 

"Аны менен катар мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик жана тиешелүү компаниялардын жетекчилери тарабынан калкка жана социалдык объекттерде ар күнү күйүчүү-майлоочу майдын, көмүрдүн жеткиликтүү көлөмдө корунун үзгүлтүксүз болуусу жана анын баасына, сапатына мониторинг жүргүзүп туруу, ошондой эле жылуулук жана электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыздоо сыяктуу көзөмөлдөө иштерин күчөтүлгөн тартипте аткаруу тапшырылды. Мындан тышкары, коюлган планды өз убагында жана толук кандуу аткаруу милдеттендирилди", – деп кошумчалады ал.