Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы товар жүгүртүү $5,3 млрд жетти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – министр Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасында расмий сапар менен жүргөн Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысынын орун басары, Синьцзян өндүрүш-курулуш корпусунун (СПСК) партиялык комитетинин катчысы жана комиссары, ошондой эле China XinjianGroup компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Хэ Чжун Ю менен жолугушту.
Жолугушууда Бакыт Төрөбаев кытай делегациясынын сапары Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин белгиледи. Ал СУАР жана СПСК жетекчилигинин туруктуу колдоосуна ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи.
Товар жүгүртүү 44,7% өстү
Президент Садыр Жапаровдун 2025-жылдагы мамлекеттик сапары эки өлкөнүн мамилесине жаңы дем бергени айтылды. 2024-жылдын жыйынтыгында эки тараптуу товар жүгүртүүнүн көлөмү 5,3 миллиард АКШ долларына жетип, былтыркыга салыштырмалуу 44,7% өстү. Кыргызстан Кытайга болгон экспортун 2,04 миллиард долларга чейин жеткирди
Айыл чарба негизги тема болду
Жолугушууда айыл чарба тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду. 2024-жылы бул тармактагы товар жүгүртүү 153,3 миллион долларды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 33 миллион долларга көбөйгөн.
Кыргыз тарап төмөнкү төрт багыт боюнча Кытай менен экспорттук протоколдорду түзүүнү пландоодо:
- кургатылган жемиштер,
- майда жана ири мүйүздүү малдын териси,
- термикалык иштетүүдөн өткөн эт,
- мал тоют азыктары.
Кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрү
Мындан тышкары, жолугушууда бир катар келечектүү тармактар талкууланды:
- пахта өстүрүү,
- заманбап агротехнологияларды киргизүү,
- суу үнөмдөөчү сугаруу системалары,
- мал чарбасын жана ветеринардык кызматтарды өнүктүрүү.
Тараптар мындан аркы кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдиришти.
