Сокулук районунда кант кызылчасынын түшүмү гектарынан 600-700 центрге жетет деп күтүлүүдө
Сокулук районунда кант кызылчасынын түшүмү гектарынан 600-700 центрге жетет кет күтүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Министрликке караштуу Кыргыз мамлекеттик асыл тукум заводу Сокулук районунда 10 гектар аянтка кант кызылчасын өстүрүүдө.
Айдоо иштеринде Франция жана Германия мамлекеттеринен алынып келинген жогорку түшүм берүүчү кант кызылчасынын сорттору пайдаланылган.
Бүгүнкү күндө эгиндин өсүшү жогорку деңгээлде жүрүп, талаада бардык агротехникалык талаптар так сакталууда.
Адистер тарабынан топурактын анализи үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, анын жыйынтыгына ылайык өсүмдүктүн өсүшүнө зарыл болгон минералдык жер семирткичтер өз убагында берилүүдө. Бул жердин гектарынан 600-700 центнерден түшүм алуу күтүлүүдө. Бул иштер кант кызылчасынан мол түшүм алуу менен катар заманбап агротехнологияларды өндүрүшкө кеңири жайылтууга жана өлкөнүн кант өндүрүшү үчүн сапаттуу чийки зат базасын чыңдоого багытталган.
