Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирүүдө
4 июль

Маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор ишке кирүүдө

Салык кызматы Министрлер Кабинети тарабынан демилгеленген, маалыматтарды берүү функциясы бар фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) колдонуу боюнча пилоттук долбоордун башталгандыгы тууралуу маалымдайт.

Пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-августунда старт алып, 2026-жылдын 31-июлуна чейин Бишкек, Жалал-Абад жана Ош шаарларында жүргүзүлөт.

Долбоонун максаты – эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн ачыктыгын жана ыңгайлуулугун камсыздоо, отчеттуулукту автоматташтыруу, салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жана салык төлөөчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатуу. Бул долбоор өлкөнүн салык системасын санариптештирүүгө багытталган маанилүү кадам болуп, фискалдык программалык камсыздоону кеңири ишкерлер чөйрөсүнө жайылтуу үчүн негиз түзөт.

Бул демилге салыктык башкарууну жакшыртууга жана товарлардын, иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эсебин жүргүзүү үчүн колдонулуучу ички эсепке алуу системаларына (мисалы, Rkeeper, 1С жана башка программалар) бирдиктүү талаптарды киргизүүгө багытталган.

Пилоттук долбоорго төмөнкү салык төлөөчүлөр катышат:

  • 50дөн ашуун керебет оруну бар мейманканалар;
  • 100дөн ашык отургуч оруну бар ресторандар жана барлар же тейлөө залынын аянты 100 чарчы метрден ашкан мекемелер;
  • күйүүчү-майлоочу майларды (КММ) саткан май куюучу жайлар (АЗС).

Башка салык төлөөчүлөр салык органдары менен макулдашуу аркылуу ыктыярдуу негизде катыша алышат.

Салык кызматы фискалдык программалык камсыздоо операторлорун кызматташууга жана долбоорго катышуу үчүн диалогго чакырат. Бул бизнеске көрсөтүлүүчү кызматтар менен эсепке алуу процесстерин сапаттуу жана натыйжалуу санариптештирүүгө шарт түзөт.

Кошумча маалымат алуу жана кызматташуу үчүн төмөнкү байланыш номерлери аркылуу кайрылсаңыздар болот:

 +996 312 62 08 67, +996 700 88 88 82, +996 755 07 02 89