КР Энергетика министрлиги жана кытайлык компания инвестициялык өнөктөштүктүн келечегин талкуулашты
Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков Кытайдын эл аралык энергетикалык компаниясы — China Southern Power Grid International (HK) Co., Ltd. компаниясынын президенти Чжан Хэн менен жолугушту.
Ведомстводон кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 13-августта Бишкекте өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар электр энергетикасы тармагындагы кызматташтыкты, анын ичинде энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санариптик технологияларды жана электр энергиясын топтоо системаларын киргизүү маселелерин талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен China Southern Power Grid International компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Документте тараптардын өз ара аракеттенүүсүн координациялай турган жана мындан ары техникалык жана инвестициялык жактан иштеп чыгуу үчүн долбоорлорду аныктай турган Биргелешкен жумушчу топту түзүү каралган.
Кызматташтык Кыргыз Республикасынын энергетикалык инфраструктурасын өнүктүрүүгө жана электр энергетикасы тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.
