Кубаттуулугу 6,7 МВт. Жети-Өгүздө кичи ГЭСтин курулушу башталды
11 октябрь

Кубаттуулугу 6,7 МВт. Жети-Өгүздө кичи ГЭСтин курулушу башталды

Жети-Өгүз районуна караштуу Көк-Жайык жайлоосунда кичи гидроэлектростанциянын (ГЭС) курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү, деп билдирет президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы. 

Бул иш-чара энергетика инфраструктурасын өнүктүрүү жана аймактын энергетикалык туруктуулугун камсыздоо жаатында маанилүү кадам болуп саналат.

Долбоорго ылайык, Жети-Өгүз суусуна жакын жайгашкан райондук токой чарбасына тиешелүү 5,5 гектар жер аянты 49 жылга “Бишкек Строй Конструкция” ЖЧКсы тарабынан ижарага алынып, 6,7 МВт кубаттуулугундагы кичи-ГЭС курулушу пландалууда. 

Долбоордун жалпы наркы 7,8 миллион АКШ долларына бааланууда.

Учурда кичи-ГЭС курулуучу жерде жолдорду жана көпүрөлөрдү оңдоо иштери жүргүзүлүп, курулуш аянтына жетүүнү камсыздоо максатында транспорттук инфраструктураны жакшыртуу чаралары көрүлүүдө.

Капсула салуу иш-чарасына президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Уланбек Далиев, Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков жана райондук актив катышты.