Кыргызстан менен Япония соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулады
16 октябрь

Кыргызстан менен Япония соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүнү талкуулады

Кыргызстандын ышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров 16-октябрда Япониянын тышкы иштер министринин орун басары Ишикава Масаки менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-япон эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде саясий диалогду активдүү улантуу, соода-экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү, ошондой эле укуктук-келишимдик базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Мындан сырткары, «Борбордук Азия + Япония» форматындагы Диалогдун алкагында регионалдык кызматташуунун багыттарын талкуулашты.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар мындан ары эки тараптуу байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.