Мигранттарды колдоо. Депутат «Бизнес-Түндүк» платформасын ишке киргизүүнү сунуштады
Бүгүнкү күндө Россия Федерациясында жана АКШда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандык эмгек мигранттар үчүн олуттуу тоскоолдуктар жаралууда. Депутат Болот Сагынаев «Бизнес-Түндүк» идеясын сунуштады.
«Бүгүн Кыргызстанга кайтып келген мигранттардын саны орточо эсеп менен 70 миң адамга жетти. Анын ичинен 30 миңге жакыны өз капиталы менен кайтып келүүдө.
Бирок, көп жылдар бою чет өлкөдө жүргөндүктөн, алар учурдагы бизнес чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн, ички талаптарын жана механизмдерин жетиштүү деңгээлде билбей, туруктуу бизнес өнүктүрүп кете албай жатышат. Натыйжада, айрымдары кайрадан чет өлкөгө эмгек миграциясына кетүүгө аргасыз болууда.
Кайтып келген мигранттар алып келген капиталын негизинен бизнеске эмес, кыймылсыз мүлккө салууга артыкчылык берип жатышат. Бүгүнкү күндө кыймылсыз мүлккө болгон суроо-талаптын өсүшү анын баасынын жана ижара акысынын жогорулашына алып келүүдө.
Ошол эле учурда, мигранттардын көпчүлүгү мектепти аяктагандан кийин дароо чет өлкөгө кеткендиктен, тийиштүү билиминин жана квалификациясынын жоктугу мамлекеттик кызматтарга орношууда олуттуу кыйынчылыктарды жаратууда.
Урматтуу Президентибиз жүргүзгөн чечкиндуу саясаттын алкагында «Түндүк» тиркемеси иштелип чыгып, санариптештирүү багытында Кыргыз Республикасы кыска убакыттын ичинде олуттуу жетишкендиктерге жетти. Бүгүнкү күндө бул жаатта мамлекетибиз бир катар өлкөлөрдөн алдыга озуп чыкканы жашыруун эмес», – деп билдирди Болот Сагынаев.
Бул тиркеменин иштелип чыгышында Кыргыз Республикасынын бардык тиешелүү министрликтер жана ведомстволору өз тармактары боюнча активдүү колдоо көрсөтүшү зарыл. Алар мыйзамдык, техникалык жана методикалык жардам көрсөтүп, долбоордун натыйжалуу иштешин камсыздайт.
Тиркеменин иштелип чыгышында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги негизги роль ойнойт. Ал башка министрликтер жана ведомстволор менен маалымат алмашуу жана координациялоо аркылуу тиркеменин натыйжалуу жана сапаттуу иштелип чыгышын камсыздайт.
«”Түндүк Бизнес” тиркемеси атайын мигранттардын жана жөнөкөй жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен, өтө жөнөкөй тилде жана түшүнүктүү интерфейс менен иштелип чыгышы керек.
Тиркемеде ар бир этап так жана ачык көрсөтүлөт: кайсы иш-чаралар бар, канча инвестиция талап кылынат жана кандай пайда берет — баары кыскача жана түшүнүктүү формада берилет.
Документтерди тапшыруу тартиби жана кайсы органдарга кайрылуу керектиги онлайн жана видео-инструкция аркылуу көрсөтүлөт.
«Түндүк Бизнес» ар бир жаранга «кантип баштайм?» деген суроого толук жооп берет.
Ар бир жаран өз мүмкүнчүлүгүнө жараша бизнес же жумуш таба ала тургандай тиркеме иштелип чыгышы керек», – деди депутат.
