Басымды азайтуу,  салыктык документтерди жөнөкөйлөтүү. Жалал-Абадда ишкерлердин көйгөйү талкууланды
президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү
4 март

Басымды азайтуу, салыктык документтерди жөнөкөйлөтүү. Жалал-Абадда ишкерлердин көйгөйү талкууланды

Бүгүн Жалал-Абад облусунда ишкердик субъекттерине карата салыктык контролду жүргүзүүгө убактылуу тыюу салуу маселеси боюнча жыйын өткөрүлдү.

Жыйын облус башчысы Тилек Текебаевдин төрагалыгы алдында өттү.

Иш-чарага облус прокурору Турусбек Ишеналиев, ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов, Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Эрлан Абытов, ошондой эле салык кызматынын район, шаардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана облус аймагынан келген ишкерлер катышты.

Жыйында №18 Жарлыктын негизги максаты, ишкердикти колдоо, административдик басымды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу жана көмүскө экономиканы кыскартуу экени белгиленди.

Жыйындын алкагында ишкерлер өздөрү кабылган көйгөйлөрдү айтып, мыйзам чегинде иш алып барууга байланышкан маселелерди көтөрүштү. Алар Манас шаарынын аймагында өндүрүш зонасын түзүү, фермерлердин ишмердүүлүгүн колдоо, мыйзамдуу мал жандыктарын экспорттоодогу тоскоолдуктар, соода жүргүзүүдө салыктык документтерди жөнөкөйлөтүү, ошондой коммуналдык кызматтардын тарифтери жогору болуп жатканын белгилешти.

Облус башчысы Тилек Текебаев мындай жолугушуулар ишкердикти колдоого багытталган мамлекеттик саясаттын алкагында ачык диалог түзүүгө жана экономикалык активдүүлүктү арттырууга өбөлгө болорун айтты. Ошондой эле жыйында көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, сунуштар иштелип чыгарын билдирди.

Ыйгарым укуктуу өкүл мындан ары ай сайын район жана шаарларда көчмө жыйындар өткөрүлүп, ишкерлердин көйгөйлөрүн жеринде талкуулоо практикасы жолго коюлаарын белгиледи. Мындан тышкары, ишкерлердин сунуш-пикирлерин так аныктоо үчүн анонимдүү сурамжылоо уюштурулуп, координациялоо максатында ыкчам байланыш каналдары түзүлөрүн кошумчалады.