Панфилов районунда сугат скважиналары жаңыртылып, тамчылатып сугаруу ишке кирди
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунуна болгон иш сапарынын алкагында Панфилов районунда жайгашкан Р-2 чарба аралык каналынын боюндагы 6 сугат скважинасынын калыбына келтирүү иштери менен жеринде таанышып чыкты.
Скважиналар толук калыбына келтирилип, учурда ар бири фермерлерге 30 литр/секунд ылдамдыкта суу берип жатат.
Мындан тышкары, министр Күрпүлдөк айыл аймагынын №175 контурунда жайгашкан 51 гектар аянтка орнотулган тамчылатып сугаруу системасынын ишке ашырылышы менен да таанышып чыкты. Бардык жабдуулар орнотулуп, иштеп жатат. 48,3 гектар жер аянтына жүгөрү себилип, анын өсүшү жакшы экени белгиленди. Бул жер аянты “Мир” фермердик чарбасына ижарага берилген.
«Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана заманбап сугаруу технологияларын киргизүү – биздин суу жана агрардык саясаттын негизги багыттарынын бири. Калыбына келтирилген скважиналар жана тамчылатып сугаруу системасы – бул жөн гана объекттер эмес, дыйкандарды колдоонун, түшүмдүүлүктү жогорулатуунун жана суунун жоготууларын азайтуунун реалдуу куралы. Мындай долбоорлорду өлкөбүздүн бардык аймактарында илгерилетүүнү улантабыз», – деди Бакыт Төрөбаев.
Төрөбаев белгилегендей, бул кадамдар Чүй облусунун агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана фермерлерди колдоого багытталган.
