Бишкекте кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйынынын Протоколуна кол коюлду
Бишкекте 18-сентябрда Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 12-жыйыны болуп өттү.
Жыйын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын төрагалыгы алдында өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү боюнча кеңири маселелерди талкуулашты, анын ичинде:
• экономика жана инвестициялар,
• саламаттыкты сактоо,
• билим берүү,
• өнөр жай жана башка негизги багыттар.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министринин орун басары Медер Туманов өз сөзүндө өткөн жыйында жетишилген жыйынтыктарды белгилеп, алдыдагы мезгилде кызматташтыкты өнүктүрүүнүн пландарын сунуштады.
Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз-түрк өнөктөштүгүн чыңдоого жана өз ара пайдалуу кызматташууну кеңейтүүгө багытталган Комиссиянын 12-жыйынынын Протоколу жана бир катар башка эки тараптуу документтерге кол коюлду.
