Маммүлк 8 айдын планын 233% ашыкча аткарды
2025-жылга Мамлекеттик мүлктү башкаруудан каражаттардын түшүү планы 15 480,0 млн.сом суммасында бекитилген.
Анын ичинде:
- ижара акысынан түшкөн каражат – 200 млн. сом;
- дивиденддерди төлөө – 15 280 млн.сом.
2025-жылдын январь-августундагы иштердин жыйынтыгы боюнча түшүүлөр 36 121,4 млн. сомду түздү, анын ичинде:
- дивиденддерден – 26 585,7 млн. сом;
- менчиктештирүүдөн – 9 166,9 млн сом;
- Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдөн – 177,3 млн. сом;
- Башкалар – 191,5 млн. сом.
Башкача айтканда, Маммүлк 233% планын ашыра аткарган.
