Чүй облусунда алгачкы сугат мезгилдери ийгиликтүү аяктап, дыйкандар кийинки сугат мезгилине даярдык көрүшүүдө
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Жумагазиев бүгүн Чүй облусуна болгон иш сапарынын алкагында иррригация системаларынын абалдары менен таанышып, чарба аралык каналдардын, суу объектилериндеги калыбына келтирүү иштерин көрүп чыгышты.
Чүй облусунда 1-2-3 сугат мезгили ийгиликтүү аяктап, жергиликтүү дыйкан-фермерлер төртүнчү жана бешинчи сугат мезгилине даярдык көрүшүүдө. Алгачкы сугат мезгилинде дан эгиндери, көп жылдык чөптөр, мөмө-жемиш, жашылчалар, кант кызылчасы, жүгөрү ж.б өсүмдүктөрүнө суу керектүү көлөмдө жетип, суунун таңкыстыгы жаралган эмес. Ал үчүн аймактагы суу сактоочу жайлар убагында тийиштүү көлөмдө сууга толтурулуп, чарба аралык каналдар оңдоп-түзөө жана тазалоо иштеринен өткөн.
Белгилей кетсек, Чүй облусунда биринчи сугат менен 559,4 млн.м³ суу берилип, анын аянты 147,8 миң га аянтка барабар болгон.
