Салык кызматы кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүүнү эскертет
www
4 март

Салык кызматы кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүүнү эскертет

Мамлекеттик салык кызматы арыздар жана кайрылуулар расмий түрдө кароого алынышы үчүн аны мыйзам талаптарына ылайык жөнөтүү керектигин эскертет.

Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жарандар өз укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу.

Кайрылуулар төмөнкүдөй тартипте берилиши мүмкүн:

– жазуу жүзүндө (арыз, даттануу, кайрылуу);

– электрондук түрдө (расмий сайт же электрондук почта аркылуу);

– оозеки түрдө — жеке кабыл алууда.

Ал эми мамлекеттик орган кайрылууну каттоого алууга, аны маңызы боюнча кароого жана мыйзамда белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө (адатта 14 күндөн 30 күнгө чейин) милдеттүү.

Кайрылууда төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү зарыл:

– мамлекеттик органдын же анын аймактык бөлүмүнүн аталышы;

– арыз ээсинин толук аты-жөнү;

– байланыш телефону;

– жашаган дареги.

Жарандардын кайрылуулары боюнча салыктык иш-чараларды жүргүзүү үчүн мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу документ түрүндө тастыкталган маалыматтарды берүү зарыл, анын ичинде:

– салык төлөөчүнүн толук аты-жөнүн;

– идентификациялык салык номерин;

– экономикалык ишмердүүлүк жүргүзүлгөн дарегин;

– салык мыйзамдарын бузуу боюнча конкреттүү фактыларды.

Көрсөтүлгөн маалыматтар камтылбаган кайрылуулар, ошондой эле анонимдүү кайрылуулар кароого алынбай калышы мүмкүн.

Ошондой эле, даттануу негиздүү болууга тийиш, зарыл болгон учурда ага баяндалган фактыларды ырастаган документтер жана башка материалдар тиркелет.

Маанилүү: Салык кызматы конкреттүү маалыматтарды жана далилдерди камтыбаган кайрылууларды кароодон баш тартууга укуктуу.

Эскерте кетсек, кайрылууну же даттанууну электрондук түрдө жөнөтүү үчүн электрондук почтаны колдонууга болот. Электрондук почтанын даректери Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтындагы «Байланыштар» бөлүмүнүн «Жарандардын кайрылуулары» бөлүмчөсүндө жайгаштырылган.

Мындан тышкары, Салык кызматында кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттерине даттанууларды кабыл алуу үчүн 0 312 62 11 13 ишеним телефону иштейт.

Мамлекеттик салык кызматы жарандар менен тыгыз жана үзгүлтүксүз байланышта болууну улантат.