Чолпон-Ата шаарында Кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин 6-жыйыны болуп өттү
Бүгүн, 5-сентябрда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын жана Германия Федеративдүү Республикасынын мамлекеттик органдарынын, ишкер чөйрөсүнүн жана тиешелүү уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин 6-жыйыны болуп өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Ишкердик кеңешинин кыргыз тараптан тең төрагасы Адылбек Касымалиев ачты. Германия тараптан куттуктоо сөзү менен Кыргыз Республикасынын Бавария жана Тюрингия федералдык жерлериндеги Башкы ардактуу консулу, Ишкердик кеңешинин тең төрагасы Райнхольд Крэммель сөз сүйлөдү.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар кыргыз-герман соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Германиялык инвестицияларды тартуу, заманбап технологияларды киргизүү жана бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери каралды.
«Кыргызстан герман бизнеси менен кызматташтыкты кеңейтүүгө жана инвестицияларды тартууга кызыкдар. Биз үчүн узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, заманбап технологияларды киргизүүгө, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле ата мекендик продукцияны жаңы рынокторго чыгарууга жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү»
— Равшанбек Сабиров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы
Тараптар энергетика жана кайра жаралуучу энергия булактары, айыл чарба жана кайра иштетүү, санариптештирүү жана IT, жашыл экономика, туризм, транспорт жана логистика, ошондой эле чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана квалификациялуу кадрларды даярдоо багыттарындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Мындан тышкары, кыргыз продукциясын Германиянын жана Европа Биримдигинин рынокторуна чыгарууну кеңейтүү, ишкерлердин ортосунда түздөн-түз байланыштарды өнүктүрүү, бизнес-миссияларды жана B2B жолугушууларын өткөрүү маселелери талкууланды.
Кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин 6-жыйынынын жыйынтыгы
- энергетика, айыл чарба жана кайра иштетүү, жашыл экономика, туризм, транспорт жана логистика, санариптештирүү жана IT тармактарында инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана келечектүү биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү;
- бизнес-форумдарды, ишкердик миссияларды, B2B жолугушууларын жана башка иш-чараларды өткөрүү аркылуу эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнүн ортосундагы түздөн-түз өз ара аракеттенүүнү активдештирүү;
- продукциянын сапатын жогорулатуу, сертификация системасын өркүндөтүү жана эл аралык стандарттарды киргизүү аркылуу сооданы өнүктүрүүгө жана кыргыз продукциясын Германиянын жана Европа Биримдигинин рынокторуна илгерилетүүгө көмөктөшүү;
- стартаптарды жана санариптик ишкердикти колдоону, ошондой эле билим берүү мекемелеринин, тиешелүү уюмдардын жана бизнестин квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатындагы өз ара аракеттенүүсүн камтыган технологиялар, инновациялар жана кадрларды даярдоо чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү;
- Кыргыз-герман Ишкердик кеңешинин практикалык өз ара аракеттенүү, келечектүү долбоорлор тууралуу маалымат алмашуу жана актуалдуу маселелер боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу аянтчасы катары ролун чыңдоо.
Тараптар кыргыз-герман экономикалык өнөктөштүгүн мындан ары да чыңдоого жана жетишилген макулдашууларды жаңы инвестициялар жана биргелешкен долбоорлор аркылуу ишке ашырууга кызыкдар экенин билдиришти.
