Улуттук банк алдамчылык менен кантип күрөшөт?
10 март

Улуттук банк алдамчылык менен кантип күрөшөт?

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Улуттук банк алдамчылык менен кантип күрөшөрү тууралуу айтып берди. 

Анын айтымына караганда, жарандарды каржылык алдамчылыктан коргоо – негизги милдеттердин бири.

Бул боюнча Улуттук банк төмөнкүдөй комплекстүү чараларды көрүүдө:

• Онлайн-насыя берүүдө «күтүү мезгили» киргизилип, бул алдамчылык учурларын азайтууга жардам берди.

• Күмөндүү операцияларды тез аныктоо үчүн банктардын антифрод системаларына талаптар күчөтүлдү.

• Алдамчылык схемалар менен күрөшүү боюнча мыйзамдарды иштеп чыгуу үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү.

• Шылуундардын иш-аракетин таанып, андан сактануусу үчүн жарандар арасында маалыматтык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

"Биз коопсуз, ар бир жаран корголгон каржылык чөйрөнү түзүү боюнча иштерди улантып жатабыз. Каржылык сабаттуулук жана маалымдуулук – алдамчылыктын алдын алуунун эң жакшы жолу. Улуттук банк каржылык коопсуздук боюнча ишенимдүү өнөктөшүңүз бойдон кала берет", - деди ал.