Салык кызматы жасалма ЭЭФ схемаларын активдүү аныктоодо
Мамлекеттик салык кызматы электрондук эсеп-фактураларды (ЭЭФ) реалдуу чарбалык операциясыз тариздөө учурларын аныктоодо.
Салык кызматы 2025-жылында эле мындай схемаларга тиешеси бар 270ке жакын жеке ишкерди жана уюмду аныктаган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында айып жана тумдарды эсепке алуу менен 3 миллиард 744 миллион сомдон ашык салык кошумча эсептелген.Ишкерлердин ак ниетсиз аракеттеринен улам мамлекетке дал ушул көлөмдө зыян келтирилген.
Айрым ишкерлер салык мыйзамдарын бузуп, салык төлөөдөн качууга аракет кылышууда. Алар салыктык эсепке алуу маалыматтарын бурмалап, жасалма чыгымдарды түзүү жана салык милдеттенмелерин мыйзамсыз азайтуу үчүн жасалма эсеп-фактураны тариздешүүдө.
Мындай мыйзам бузууларды натыйжалуу аныктоо үчүн Салык кызматы заманбап санариптик технологияларды ишке жигердүү киргизүүдө. Бүгүнкү күндө электрондук аналитика, автоматташтырылган контролдоо тутумдары, тобокелдикке багытталган ыкма, заманбап маалыматтык платформалар жана маалыматтарды талдоо алгоритмдери колдонулууда. Бул инструменттер шектүү операцияларды ыкчам аныктоого жана салык төлөөдөн качуу схемаларын табууга мүмкүндүк берет.
Жалган фирмалардын ишин текшерүүдө таризделген электрондук эсеп-фактуралар, салык отчеттору, экспорттук-импорттук операциялар, банктык операциялар, кампа, транспорт боюнча маалыматтар жана башкалар салыштырылат.
Салыктан качуунун эң кеңири таралган схемаларынын бири — жасалма электрондук эсеп-фактураларды колдонуу. Мисалы, эсеп-фактура бар, бирок товар жеткирилген эмес же кызмат көрсөтүлгөн эмес. Кагаз жүзүндө товар же кызмат көрсөтүлгөндөй таризделет, бирок иш жүзүндө эч кандай кыймыл же иш аткаруу болбойт. Натыйжада документте чыгым пайда болот, ал эми чындыгында товар айлануусу же кызмат көрсөтүү болбойт.
Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун мыйзамдуулугун көрсөтүү, ошондой эле андан ары товарсыз электрондук эсеп-фактураларды жазуу үчүн жалган субъектке алгач КНСтин чегерилген суммасы талап кылынган. Мындай сумма бир күндүк субъекттер аркылуу түзүлгөн.
Мындай жол менен товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн мыйзамдуу келип чыгышы же чыгымдары бар деген көрүнүш түзүлөт. Адатта мындай схемалар системалуу мүнөзгө ээ болуп, өз ара байланышкан жактардын чынжыры аркылуу ишке ашырылат.
Белгилей кетсек, мындай схемаларды ири көлөмдө ишке ашыруу контролдоочу органдарынын, анын ичинде салык органдарынын айрым кызмат адамдарынын катышуусуз же көмөктөшүүсүз мүмкүн эмес.
2025-жылы ушундай мүнөздөгү мыйзам бузуулар үчүн 50 салык кызматкери жумуштан бошотулган.
Эске салсак, электрондук эсеп-фактураларды тариздөөгө реалдуу чарбалык операция жана товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн иш жүзүндөгү кыймылы тастыкталган учурда гана жол берилет.
Жалган документ жүгүртүү схемаларында электрондук эсеп-фактураны пайдаланууга болгон ар кандай аракеттер аныкталып, бөгөт коюлат.
Мындай салык төлөөчүлөргө эң жакшы дегенде эле – салыктар жана санкциялар эки эселеп кошуп эсептелет. Ошондой эле, катуу чараларга – кылмыш жоопкерчилигине, бизнести токтотууга же ишкердик ишке олуттуу чектөөлөргө алып келиши мүмкүн.
Мындан тышкары, көмүскө экономиканы кыскартуу боюнча иштин алкагында Салык кызматы жалган электрондук эсеп-фактураларды жана негизсиз салыктык чегерүүлөрдү жокко чыгарат. Мындай бузуулар үчүн жоопкерчилик пайда алуучуга жүктөлөт.
Ушуга байланыштуу, реалдуу чарбалык операцияларды жүргүзбөстөн, формалдуу түрдө гана “кызмат көрсөтүүлөрдү” жана “товарларды” сатып алган салык төлөөчүлөргө такталган салык отчётторун тапшыруу сунушталат. Болбосо, салык органдары мыйзамда белгиленген тартипте алардын ишин текшерет.
Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү мындай мыйзамсыз аракеттерден баш тартууга жана ишкердикти ак ниеттүү жүргүзүүгө чакырат. Мындай схемалар эртеби-кечпи аныкталып, олуттуу финансылык жоготууларга алып келет.
Салык кызматы жагымдуу экономикалык чөйрөнү түзүү, салык салуунун адилеттүү жана ачык-айкын системасын калыптандыруу, ошондой эле бизнеске карата ашыкча контролдук жана административдик чараларды азайтуу боюнча иштерди ырааттуу жүргүзүп келет. Бул чаралар ишкердикти колдоого жана ишкердик активдүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Ошону менен бирге ишкерлер өз жоопкерчилигин түшүнүп, ишин ачык-айкын жана ак ниеттүү жүргүзүп, салык мыйзамдарынын талаптарын сактоосу маанилүү.
Өз ара ишеним жана милдеттенмелерди чынчыл аткаруу менен гана бизнести жана бүтүндөй экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө болот.
