«Кепилдик фонд» ААКсы: 2025-жылдын тогуз айында 2,4 миллиард сомдон ашык кепилдик берилди
16 октябрь

«Кепилдик фонд» ААКсы: 2025-жылдын тогуз айында 2,4 миллиард сомдон ашык кепилдик берилди

«Кепилдик фонд» ачык акционердик коому 2025-жылдын январь–сентябрь айларындагы ишмердигинин жыйынтыгын чыгарды. Аталган мезгил ичинде жалпы 1 095 кепилдик берилди, алардын суммасы 2,44 миллиард сомду түздү. Бул кепилдиктердин аркасында ишкерлер банктардан 8,52 миллиард сом көлөмүндөгү кредиттерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кепилдиктердин эң көп бөлүгү айыл чарба тармагына багыттылды - 681 кепилдик же 62 %. Ошондой эле соода (15 %), транспорт (11 %), кызмат көрсөтүү (4 %) жана өнөр жай (2 %) тармактарына кепилдиктер берилди.

Кепилдиктердин көлөмү боюнча айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы алдыңкы орунда турат - жалпы көлөмдүн 33 %.