Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү жылдырылды
Салык кызматы салык төлөөчүлөргө таңгакталган сууларды, анын ичинде минералдык жана газдалган сууларды эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-январына жылдырылгандыгын маалымдайт.
Мөөнөттү жылдыруу тууралуу чечим эң көп керектелүүчү мезгилде таңгакталган сууну өндүрүүнү жана импорттоону үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө, ошондой эле бизнестин эсепке алуу-контролдоо маркасын киргизүүнүн мөөнөтүн кийинки мезгилге жылдырууга багытталган көп сандаган кайрылууларына байланыштуу кабыл алынды.
Белгилей кетсек, ишкерлер, импорттоочулар жана өндүрүүчүлөр бул продукцияны эсепке алуу-контролдоо маркалары жок саткандыгы жана жүгүрткөндугү үчүн айып санкциялары колдонулбайт.
Эскерте кетсек, буга чейин КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы токтомуна ылайык, быйылкы жылдын 15-июлунан тарта таңгакталган сууну эсепке алуу-контролдоо маркалары менен милдеттүү түрдө маркалоо каралган.
