Кыргызстан боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,8% түздү
16 июнь

Кыргызстан боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,8% түздү

Ушул жылдын январь-май айларында (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) Кыргызстан боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,8 пайызды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев билдирди. 

Анын маалыматына караганда, мында тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар - 4,8 пайызга; алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдары - 6,5 пайызга; азык-түлүк эмес товарлар - 2,8 пайызга;калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери -7,1 пайызга жогорулаган.

Ушул жылдын январь-май айларында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык аймактарында байкалган.

Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (10,3 пайыз) Ош облусунда катталган, бул алкоголдук ичимдиктер жана тамеки буюмдарынын (15,1 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (8,8 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин (17,1 пайызга) жогорулашы менен шартталган.