Прагада биринчи чех-кыргыз бизнес форуму өттү
22 октябрь

Прагада биринчи чех-кыргыз бизнес форуму өттү

Кыргызстандын жана Чехиянын Соода-өнөр жай палаталары Кыргыз Республикасынын Чехиядагы Ардактуу консулдугунун көмөгү менен биринчи чех-кыргыз бизнес форумун уюштуруп, эки өлкөнүн 30га жакын компанияларын бириктирди.

Форум тажрыйба алмашуу жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болуп калды. Иш-чара чех ишкерлеринин Борбордук Азиядагы жаңы рынокторду өнүктүрүүгө болгон умтулуусун баса белгилеген “Кыргызстан – Чехия үчүн жаңы бизнес аймагы” деген ураан астында өттү.

Эки палатанын негизги максаты чехиялык жана кыргыз компанияларынын ортосунда эки тараптуу сооданы өнүктүрүүгө жана өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланыштарды бекемдөөгө мүмкүндүк берүүчү узак мөөнөттүү өнөктөштүк мамилелерди түзүү бойдон калууда.