
Кыргызстанда тигүү өндүрүшү автоматташтырылган системага өтүүдө
«Basico Premium» ири тигүү фабрикасы толук автоматташтырууга өтүүнү аяктады. Жаңы техникалар боюнча өндүрүштү ишке киргизүү аземине КР Соода-өнөр жай палатасынын жетекчиси Темир Сариев катышты.
Фабрикада Борбор Азияда теңдеши жок уникалдуу жабдуулар колдонулат. Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү болуу менен ишкана палата менен активдүү кызматташып, анын кызматтарынан пайдаланат. Бул өнөктөштүктүн аркасында фабрика заманбап жабдууларга ээ болуп, Европанын жана Борбордук Азиянын экспорттук рынокторуна чыга алды.
Ондурушто 200ден ашык адам иштейт. Компания өзүнүн бренди менен кийимдерди чыгарат, ошондой эле тигүү жана аутсорсингге заказдарды кабыл алат. 0ткен жылы фабрика 350 даанага чейин чыгарууга жетишкен. Быйыл аянты 1500 чарчы метр тигүү фабрикасын ишке киргизилди.