Жыл башынан бери Соцфонд 4,3 миллиард сом киреше тапты
14 ноябрь

Жыл башынан бери Соцфонд 4,3 миллиард сом киреше тапты

Социалдык фонд 2024-жылдын январь-октябрь айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун (МТПФ) каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга (МБК) 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 754,1 млн.сом инвестициялаган.

МТПФнын каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 6 148,9 млн.сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,1-17,2% болгон.

 Ошентип, отчеттук мөөнөттө бардыгы болуп 13 903,0 млн.сом инвестицияланган.

2024-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

  • жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 3 612,0 млн.сом;
  • депозиттер боюнча пайыздык кирешелер – 691,3 млн.сом;
  • МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 16,5 млн.сом.
  • башка кирешелер – 3,3 млн.сом;

Бардыгы болуп 2024-жылдын январь-октябрь айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 4 323,1 млн.сом киреше алынган.