Эрлист Акунбеков «Белая Река» заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Белая Река» ЖЧКсынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул иш сапар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун аймактарды кыдыруу жана эпизоотиялык абал менен таанышуу тапшырмасынын негизинде жүргүзүлдү.
Адистердин маалыматы боюнча, заводдо мал ылаңы жок жана өндүрүш коопсуздук стандарттарына толук жооп берет.
«Белая Река» ЖЧКсы Кыргыз Республикасынын сүт өнөр жайындагы алдыңкы ишканалардын бири болуп саналат. Компания 1998-жылдын 21-октябрында Фрунзе сүт заводунун райондор аралык сепаратордук цехинин базасында түзүлгөн. Завод сүттү чогултуу, кайра иштетүү жана экспорттоо менен алектенет.
«Белая Река» бренди менен жогорку сапаттагы табигый сүт азыктарын өндүрөт: ак май, толук сүттөн жасалган жана кычкыл сүт продукциясы, йогурттар, сырлар, айран жана башка 140 ассортименттеги азыктарды өндүрөт.
2012-жылы заводдун базасында жаңы имарат курулуп, заманбап сүт иштетүү жабдуулары орнотулган. Ошондой эле жаңы цехтер ачылып, суу-жылуу-энергетикалык камсыздоо жана административдик жайлар модернизацияланган.
Заводдо 100дөн ашуун кызматкер эмгектенет жана сүт цехи күнүнө 60 тонна сүттү кайра иштетет, жаз-күз мезгилинде бул көрсөткүч 80 тоннага жетет.
Компаниянын продукциясы ISO 22000 эл аралык стандарты жана «Халал» сертификаты менен тастыкталган. Мындан тышкары, Россельхознадзордун тизмесинде Кыргызстандан Орусияга экспорттоо укугу бар 15 компаниянын катарында «Белая Река» да бар.
Бул иш сапар сүт өндүрүшү тармагында инновацияларды жайылтуу, коопсуздук жана сапатты көзөмөлдөө боюнча тажрыйба алмашууга багытталды.
