Салык кызматы КР Финансы министрлигинин курамынан чыгарылды
Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгына ылайык, Мамлекеттик салык кызматы Финансы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин курамына киргизилди.
Жарлыкка ылайык, Салык кызматына алкоголдук продукциялар менен зер буюмдарын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө функциялары дагы өткөрүлүп берилди.
Бул өзгөртүүлөр салыктык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, процесстерди санариптештирүүнү тездетүүгө жана товарларды маркалоону киргизүүгө, спирт жана зергерчилик тармактарын бир ведомствого бириктирүү аркылуу функциялардын кайталануусун кыскартууга, ошондой эле контрабандага жана көмүскө экономикага каршы күрөшүүнү күчөтүүгө багытталган.
