Женевадагы ЮНКТАД конференциясына Кыргызстандын делегациясы катышты
27 октябрь

Женевадагы ЮНКТАД конференциясына Кыргызстандын делегациясы катышты

2025-жылдын 20-23-октябрында Женева шаарында БУУнун Улуттар Сарайында ЮНКТАДдын 16-Министрлик конференциясы өттү. Бул окуя бүткүл дүйнөлүк соода, инвестициялар жана туруктуу өнүгүү маселелери боюнча БУУнун 2025-жылдагы эң масштабдуу иш-чарасы болду.

Конференция Швейцариянын вице-президенти Ги Пармалендин төрагалыгынын алдына “Келечекти түзүү: адилет, инклюзивдүү жана туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында экономикалык трансформацияга дем берүү”, – деген ураан алдында өттү. Иш-чарага БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш катышты.

Жолугушуунун соңунда “Женева консенсусу” деп аталган, ЮНКТАДдын келерки 4 жылдагы артыкчылыктуу багыттарын жана ыйгарым укуктарын аныктаган, жыйынтыктоочу документ кабыл алынды. Документ Пол Беккерс (Нидерланддар) жетектеген Толук курамдагы комитетте төмөндөгү 8 тематикалык кластердин алкагында иштелип чыкты: соода, өнүгүүнү каржылоо, санкциялар, климат, санариптик экономика, инвестициялар, өкмөттөр аралык механизмдер жана Палестина.

Кыргыз Республикасы “инвестициялар” кластерин жетектеп, сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү өтүүсүнө олуттуу салым кошту.

Кыргыз делегациясынын аракети менен документке 2022-жылы Президент Садыр Жапаровдун сунушу боюнча кабыл алынган “Тоолорду Туруктуу Өнүктүрүү” деп аталган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77/172 резолюциясын ишке ашыруу жөнүндөгү атайын абзац киргизилди.

Кыргыз делегациясынын башчысы Элчи Омар Султанов Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр тобунун министрлик жолугушуусунда сөз сүйлөп, Кыргызстандын банктарына каршы санкцияларды киргизүү жөнсүз экенин белгиледи жана кыргыз товарлары үчүн ЕБнын рынокторуна кирүүгө чыныгы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө чакырды.

ЮНКТАД (БУУнун Соода жана өнүгүү боюнча конференциясы), 1964-жылы түзүлгөн, соода, финансылар, инвестициялар жана технологиялар маселелери боюнча БУУнун башкы органы. Ал эми Министрлик конференция — анын, төрт жылда бир чакырылуучу, эң жогорку жетектөөчү органы.