Ала-Бука районунда мөмө-жемиш сактоочу логистикалык кампа курулууда
15 июль

Ала-Бука районунда мөмө-жемиш сактоочу логистикалык кампа курулууда

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташкан логистикалык кампа курулууда. Сактоо сыйымдуулугу 400 тоннаны түзгөн бул кампа жеке ишкер тарабынан мамлекеттик каржылык колдоонун негизинде тургузулуп жатат.

Курулушка жалпысынан 9 миллион сом каралган. Кампа ишке берилгенден кийин алча, алма, кара өрүк сыяктуу жергиликтүү мөмө-жемиштер сакталат. Бул өз кезегинде жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, продукцияны узак убакыт сактоого жана сапатын жоготпой сатууга шарт түзөт.

План боюнча объект 2025-жылдагы мөмө-жемиш сезону башталганга чейин толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги кайра иштетүү жана соода логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгилеген. Бул багытта республиканын бардык аймактарында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу заманбап кампаларды куруу иштери жүрүп жатат.

Мындай кампа-фонддор айыл чарба продукцияларынын сапатын сактап, кошумча нарк жаратып, ички жана тышкы рынокторго жеткирүүдө чоң роль ойнойт.