
Италияда Кыргызстандын туристтик потенциалы көрсөтүлөт
Италиянын Римини шаарында TTG Travel Experience Rimini 2024 туристтик көргөзмөсү башталды. Анын алкагында Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду жана Туризм департаменти улуттук павильон уюштурду.
Павильонду Кыргызстандын Италиядагы элчиси Таалай Базарбаев, Римини шаарынын мэри Жамил Садегхолвад жана туризм Фондунун вице-президенти Асылбек Алиев ачышты. Италиядагы кыргыз диаспорасы көргөзмөнүн ачылышына активдүү колдоо көрсөттү.
Көргөзмөнүн алкагында өлкөлүк презентация өткөрүлдү.
Туристтик көргөзмө 11-октябрга чейин уланат.