
Казакстандын Тараз шаарында Кыргызстандын соода үйүн ачууну көздөп жатышат
Тараз шаарында Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Башкы консул Женишбек Асанкулов Казакстан Республикасынын Жамбыл облусунун акими Е.Ш.Карашукеев менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда, ошондой эле Жамбыл облусунда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелери боюнча аймактар аралык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө берилгендигин ырасташты.
Ошондой эле, Ж.Асанкулов өз ара инвестицияларды колдоонун жана товар жүгүртүүнү көбөйтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул контекстте өз ара бизнес-миссияларды уюштурууну сунуштап, кыргыз ишкерлеринин Тараз шаарында Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын кеңири ассортиментин көрсөтө ала турган Кыргызстандын соода үйүн ачууга кызыкдар экенин билдирди. Мындан тышкары, Казакстан Республикасынын ушундай эле соода үйлөрүн Чүй жана Талас облустарында ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.
Жолугушуунун соңунда Ж.Асанкулов Казакстандын Жамбыл облусу менен Кыргыз Республикасынын боордош аймактарынын ортосундагы аймактар аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган конкреттүү кадамдарды камтыган 2025-жылга кызматташуу боюнча Жол карталарын биргелешип иштеп чыгууну сунуштады.