Кыргызстандын тышкы соодасынын көлөмү төмөндөдү
Кыргызстандын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылдын январь-майында 5 771,6 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 14,4 пайызга төмөндөдү.
Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдиргендей, мында экспорттук жөнөтүүлөр 27,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр, 11,7 пайызгы төмөндөдү.
2025-жылдын январь-майында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 1 856,7 млн. АКШ долларын түздү жана 2024-жылдын январь-майына салыштырмалуу 7,4 пайызга төмөндөдү. Бул мезгилде республиканын өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (67,3 пайыз) жана Казакстанга (30,5 пайыз) туура келди.
