Жумгалда августта жүндү кайра иштетүүчү завод ишке кирет 
15 июль

Жумгалда августта жүндү кайра иштетүүчү завод ишке кирет 

Жумгал районунун Баш-Кууганды айылында жүндү кайра иштетүүчү ишкана ишке кирет. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, учурда тиешелүү жабдыктар алып келинген. 

Заводду 2025-жылдын августунда ишке берүү пландалууда.

"Ал ишке кирсе күнүнө 1 тонна жүндү кайра иштеттүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт", - деп кошумчалашты өкүлчүлүктөн.