Кыргызстанда керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү байкалды
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин жалпы республика боюнча өсүшү 4 пайызды түздү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын маалыматына караганда, мында, баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 6,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына – 3,4 пайызга, азык-түлүк эмес азыктарга – 2,2 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери - 1,3 пайызга жогорулаган.
Ушул жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы байкалды.
Муну менен бирге, баалардын максималдуу өсүшү (4,9 пайыз) Чүй облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баанын (6,5 пайызга) кымбатташы менен шартталды.
Ал эми алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына болгон баанын жогорку өсүшү (7,1 пайыз) Ош шаарында, азык-түлүк эмес товарларга (3,5 пайыз) Ысык-Көл облусунда жана калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер боюнча (4,7 пайыз) Нарын облусунда катталган.
