Жыл башынан бери Кыргызстандын ИДПсы 711,2 млрд сомду түзгөн
Ички дүң продукт 2025-жылдын январь-июнунда алдын ала баалоо боюнча, 711,2 миллиард сомду түзүп, 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 11,7 пайызга өстү. Бул тууралуу Бишкекте өткөн брифингде Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.
Анын маалыматына караганда,өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү 2024-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу фармацевтикалык продукциялардын (1,7 эсеге), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (44,0 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын өндүрүүнүн (33,2 пайызга), жыгачтан жана кагаздан жасалган буюмдарды өндүрүүнүн, полиграфиялык ишмердүүлүк продукцияларынын (31,4 пайызга), химиялык продукциялардын (24,5 пайызга), тазаланган мунайзат продуктуларынын (17,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуу көлөмүнүн (10,8 пайызга) көбөйүшү менен камсыздалды.
Оң тенденциялар курулушта байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 42,5 пайызды, дүң жана чекене соода – 12,1 пайызды, ошондой эле айыл чарбасы – 3,8 пайызды түздү.
