Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин долбоору биринчи окууда кабыл алынды
13-ноябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин долбоору жана “Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Асылбек Сатыбалдиев тааныштырды.
Бул мыйзам долбоорунда айыл чарба багытындагы жерлерди, сугат айдоо жерлерин жана жерге жайгаштыруу иштери таризделген жана жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кароосунда турган жерлердин башка түрлөрүн которуу (трансформациялоо) тууралуу жайыттарды менен кошо алганда учурдагы жер укуктук мамилелери боюнча юридикалык натыйжаларды аныктоочу ченемдер каралган.
Ошондой эле мыйзам долбоору жер участоктору бекитилип берилген имарат жана курулуш менен болгон жарандык-укуктук бүтүмдөрдөн келип чыккан чет өлкөлүк жактардын укуктарын жөнгө салууну камтыйт.
Талкуу учурунда депутат Балбак Түлөбаев мыйзам долбоорундагы бир катар беренелерге токтолуп, туризм тармагын өнүктүрүү, курулуш жаатындагы маселелерге көңүл бурду. Депутат Кундузбек Сулайманов мунапыс мыйзамын ишке ашыруу процессине кайрылып, аны толук кандуу ишке ашыруу мөөнөтүн сурады. Эл өкүлү Дастанбек Джумабеков долбоордо каралган Жер фондунун карамагына кирүүчү жер аянттарын тактады. Ошондой эле ал мыйзам долбоорлорун экинчи окууда кароодо парламенттик угуу өткөрүү сунушун айтты. Депутат Исхак Масалиев мыйзам долбоорунун маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек шаарына кошулган айыл чарба багытындагы жерлердин укуктук негиздерин тез арада чечүү маселесин белгиледи. Депутат Бекмурза Эргешов жайыт жерлердин чектерин тактоо, пайдаланууга берүү маселелерине токтолду. Депутат Надира Нарматова мыйзам долбооруна карата аймактарда талкуулардын болушун, жергиликтүү бийликтин сунуштарын эске алуу жагдайларын белгиледи. Ал эми депутат Эльдар Абакиров жерге менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актыны электрондук түрдө берүүгө каршылыгын билдирип, кызыл китеп боюнча калтыруу сунушун берди. Депутат Эльвира Сурабалдиева Балбан-Таймаш конушундагы жер маселелерин айтса, депутат Акбөкөн Таштанбеков аймактык административдик реформанын негизинде шаарлардын карамагына берилген жайыт багытындагы жерлер боюнча маселеге токтолду. Депутат Жалолидин Нурбаев жерлерди инвентаризациялоо маселесине өзгөчө көңүл бурду.
